Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан тайпада ким менен качан ойноорун көрүп алыңыз

Кыска кабар , Спорт | 17 Июл 2019 | 613 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылдагы Азия Кубогу үчүн тандоо турунда Жапония, Тажикстан, Мяньма жана Монголия курамалары менен «F» тайпасына жайгашты. Улуттук команда тайпалык баскычтагы оюндарын коноктогу беттеш менен баштайт.

Тайпалык этаптын 1-турунда 5-сентябрда Мьянма менен конокто кездешет. Экинчи турда Кыргызстан ойнобойт. Үчүнчү турда 10-октябрда Бишкекте Тажикстан курамасын кабыл алат. 4-тур 15-октябрда өтөт. Курамабыз Монголияга конокко барат. 14-ноябрда бешинчи турдун алкагында, тайпанын фоварити саналган Жапония курамасын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кабыл алат. 19-ноябрда курамабыз Мьянма курамасын кабыл алып, жооптук беттеш өткөрөт. 26-марттагы 7-турда Кыргызстан курамасы ойнобойт. 8-турда 31-мартта Тажикстанга конокко барат. 9-тур 4-июнда өтөт. Анда улуттук курама өз үйүндө Монголия командасын кабыл алат.

Тайпалык этаптын акыркы, 10-турдагы беттешин Кыргызстандын улуттук курамасы 9-июнда Жапония курамасы менен конокто өткөрөт.

Тандоо турунун жыйынтыгы менен өз тайпасында биринчи орунду ээлеген 8 команда жана экинчи орунду алган мыкты көрсөткүчү бар 4 команда 2023-жылы өтүүчү Азия Кубогуна жолдомо алат. Ошондой эле, Дүйнө биринчилигине жолдомо алуу боюнча тандоо турундагы күрөшүн улантат.

Copyright © 2017 Maral FM