Биз менен байланышыңыз

Футбол: «Нефтчи» АФК Кубогунда тажикстандык «Худжанд» клубун утту

Кыска кабар , Спорт | 19 Фев 2020 | 702 | 0

Жалал-Абаддын “Нефтчи” клубу Азия футбол конфедерациясы (АФК) Кубогунун оюндарынын алкагында бүгүн тажикстандык “Хужанд” командасын кабыл алып, 1:0 эсебинде утуп алды.

Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда өткөн беттештин 50-мүнөтүндө 25-катар санындагы Александр Игнатенко киргизген гол беттештеги жалгыз жана жеңиш алып келген гол болду.

Бул беттеш «Нефтчи» үчүн быйылкы сезондогу алгачкы оюн болуп калат. Команда 5-февралда Түркмөнстандын «Ахалына» каршы эки беттеш өткөрүшү керек эле. Бирок түркмөнстандык клуб коронавирустан кооптонуп, келбей койгон. Жыйынтыгында «Ахал» турнирден четтетилди да, «Нефтчи» атвоматтык түрдө плей-оффко чыкты.

Эми “Нефтчи” — “Хужанд” командаларынын жооптук беттеши бир аптадан кийин Тажикстанда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM