Биз менен байланышыңыз

Турсунали Рустамов тажикстандык клуб менен келишим түздү

Кыска кабар | 24 Фев 2019 | 857 | 0

Кыргызстандын улуттук курама командасынын жарым коргочусу Турсунали Рустамов тажикстандык клуб менен келишим түздү.

Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришкендей, ал өлкөнүн вице-чемпиону “Худжанд” клубуна өттү. Ортодогу келишим 1 жылга түзүлдү.

Оюнчу маалымат жыйында буга чейин “Андижан” клубу менен келишим түзүү үчүн Ташкентке баранын да айтты. Бирок клуб менен бир пикирге келе албай калган.

Кошумчалай кетсек, Турсунали Рустамов буга чейин бишкектик “Алга” клубунда ойногон. Ал Бириккен Араб Эмирлигинде Азия кубогунда улуттук курама командада ойногон.

Copyright © 2017 Maral FM