Биз менен байланышыңыз

Марипов: Энергетика тармагы мамлекетке 102 млрд сом карыз

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Июн 2019 | 1213 | 0

Энергетика тармагы мамлекетке 102 млрд сом карыз. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал энергетика тармагын кылдат көзөмөлгө алуу зарыл экенин айтат.

«Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясы — акционердик коомдордун үстүнө түзүлгөн ишкана. Биз аталган ишканага анализ жүргүзүп, структуралык өзгөрүүлөр боюнча өкмөткө сунуш бердик. Өкмөт «Улуттук энергетикалык холдингдин» эффективдүүлүгүн карап чыгышы керек. Анткени, кээде ашыкча чыгымдар болуп, мыйзам бузуулар катталып жатат. Ашыкча органды кармап туруунун канчалык зарылчылыгы бар? Кеп мына ушунда», — дейт Марипов.

Анын айтымында, Эсептөө палатасы текшерүүдө ишканалардын эффективдүүлүгүнө маани берет.

«Тагыраагы, ишкана канткенде казынага көп пайда алып келерин карайбыз. Улутташтырылган компаниялар көп. Мамлекет аларды жакшы иштетиши керек, же жеке өнөктөштүк менен чогуу иш алып баруу зарыл. Башкача айтканда, компания иштебесе, карыздар күн санап өсө берет», — дейт Марипов.

Copyright © 2017 Maral FM