Биз менен байланышыңыз

Америка Кубогу: Аргентина курамасы Парагвайды ута алган жок

Кыска кабар , Спорт | 20 Июн 2019 | 523 | 0

Бразилияда өтүп жаткан Америка Кубогу-2019 мелдешинде Аргентина курамасы тайпалык турдун экинчи оюнунда Парагвай командасын ута алган жок.

Оюндун эсебин беттештин биринчи бөлүгүнүн 37-мүнөтүндө парагвайлыктардан Санчес ачты, эсеп 1:0.

Экинчи бөлүктө Мессинин 11 метрлик айып аянтчасынан киргизген голу менен эсеп теңелди: 1:1.

Калыстын финалдык ышкырыгына чейин эсеп өзгөргөн жок.

Ал эми тайпадагы Колумбия командасы Катар курамасын утуп, мөөнөтүнөн мурда мелдештин чейрек финалына чыкты.

Парагвай 2 упай менен экинчи сапка көтөрүлдү. Ал эми Катар менен Аргентина бирден упайга ээ болушуп, үчүнчү, төртүнчү орунда турушат.

Тайпанын жыйынтыктоочу турунда Аргентина-Катар, Парагвай- Колумбия курамалары беттешет.

Copyright © 2017 Maral FM