Биз менен байланышыңыз

Балдар укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү

Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 628 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 2019-жылга карата Калкты социалдык жактан коргоо жана балдар укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Алтынай Өмүрбекова жыйындын катышуучуларына «Оор шартка кабылган балдар жана үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча өкүлчүлүк түзүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аларды социалдык камкордукка алуу боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жөнүндө» токтом кабыл алынганын маалымдады.

Вице-премьер-министр балдар үйлөрүнүн жана жатак мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн интернаттан кийинки жашоосун көзөмөлгө алуу, жетим балдарга мамлекеттик төлөмдөрдүн сакталышы боюнча чараларды жакшыртуу зарылдыгына басым жасады. Ошондой эле, интернатта тарбияланган балдарга жана асыранды балдарга делген мамлекеттик төлөмдөрдү сактоо жана сарптоо боюнча мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, оор шартка кабылган балдарга жана алардын ата-энелерине ыкчам документ берүү маселеси каралды.

Алтынай Өмүрбекова кошумчалагандай, жакыр үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоо боюнча кырдаалды өзгөртүүгө багытталган бир катар механизмдер каралууда, калкты социалдык коргоо жана балдардын укуктарын жакшыртуу үчүн аларды тез арада киргизүү зарыл.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Калкты социалдык жактан коргоо жана балдар укуктары боюнча координациялык кеңешинин 2019-жылга карата иш планы келип түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен бекитилди.

 

Copyright © 2017 Maral FM