Биз менен байланышыңыз

Калтырак баскан Меркель, камырабаган Зеленский (Видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 467 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский менен Германиянын канцлери Ангела Меркелдин жолугушуусунда канцлер айымдын абалы начарлап, денесин калтырак баскан. Жанында турган Зеленскийдин ага эч кандай реакция кылбаганы коомчулук арасында кызуу талкуу жаратты.

Германияга иш сапары менен келген Зеленскийди тосуп алып, кызыл килемде турган учурда канцлер айым өзүн жаман сезип баштаган. Мындан улам 13:45ке белгиленген расмий тосуп алуу 10 мүнөткө кечигип башталган.

Жагдай боюнча суроо салган журналисттерге Меркель: «Күндүн ысыктыгынан, анын үстүнө, сууну аз ичкендигимден улам, ушундай болду», — деген түшүндүрмө берген.

Ал эми Украинанын президенти Зеленский: «Мен Меркель айымдын жанында болчумун. Ишенип койгула, ден соолугуна кооптуу абал болгон жок», — деп жооп берген.

Ошондой эле, Зеленский «BILD» немис басылмасына башында эмне болуп жатканын түшүнбөй, абдан кабатырланганын, канцлер айымдын калтырагы 2 мүнөткө созулганын айткан.

Жанында денесин калтырак басып, жаман абалда турган канцлер айымга Зеленскийдин эч кандай реакция кылбаганы социалдык тармактарда көптөгөн терс пикирлердин жаралышына себеп болду.

DPA маалыматтык агентигинин билдирүүсүнө ылайык, Ангела Меркелде буга чейин да ушундай абал катталган. Ал учур да суунун жетишсиздиги менен түшүндүрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM