Биз менен байланышыңыз

Америка Кубогу: Бразилия курамасы Венесуэланы ута алган жок

Кыска кабар , Спорт | 19 Июн 2019 | 453 | 0

Америка Кубок мелдешинин башкы фаворити Бразилия Венесуэла курамасын ута албай калды.

Бразилия-Венесуэла курамалары 2019-жылдагы Америка Кубогу мелдешинин топтук этабынын экинчи турунда Сальвадордо беттешкен.

Беттеште дээрлик баштан-аяк бразилиялыктар үстөмдүк кылып, бирок жеңишке жетише алган жок.

Экинчи бөлүктө Габриэль Жезус менен Фелипе Коутиньо гол киргизишти. Бирок, VAR жардамы менен ал голдор эсепке алынган эмес.

Жыйынтык эсеп 0:0.

Бул топто Перу 3:1 эсебинде Боливия курамасын утту.

Эки турдун жыйынтыгы менен Бразилия жана Перу курамалары 4 упайдан, Венесуэла 2 упай топтошту. Ал эми Боливияда азырынча упай жок.

Copyright © 2017 Maral FM