Биз менен байланышыңыз

Турсунбеков мекенчил саясатчылар аз болорунун себебин айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Июн 2019 | 427 | 0

Акча алып, акмакты да «азамат» деп колдой беришсе, мекенчил саясатчылар аз болот. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, журналисттер, активисттер кол ийрисине тартпаса, саясатчылар коомдон коркконунан мекенчил болушат. Кыргызстан демилгелүү адамдарга шарт түзүп, аларды колдошу керек.

Ошондой эле, саясат менен алпурушкандар азайса, экономика өсөт.

«Көпчүлүк саясатка жабышып калды. Бул — биздин оорубуз. Бирок саясат убактылуу кызыгуу жаратышы мүмкүн. Үйүңдө балаң ачка калса, экономика биринчи орунга чыгат. Алсак, менин ишканаларыма тийишкендер толтура. Мен анын баарын алып чыксам, саясатка айланат. Экономикага көңүл буруу максаттарыма жетишиме шарт түзөт», — дейт Турсунбеков.

Ал белгилегендей, атаандаштык болбосо, коом да, экономика да өнүкпөйт. Андыктан, саясатта да, деги эле ар бир тармакта атаандаштык болушу керек.

Copyright © 2017 Maral FM