Биз менен байланышыңыз

«КСДПда парламентик шайлоого аттанууга мүмкүнчүлүк бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Июн 2019 | 602 | 0

КСДПнын жер-жерлердеги жигит-кыздардын башын бириктирип, парламенттик шайлоого аттанууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өздөрүн КСДПнын чыныгы мүчөсү деп эсептегендер чогулуп анализдеп, парламенттик шайлоого катышуусу керек. Анткени, КСДП татаал кырдаалда турат.

«Мен КСДПнын төрагасы катары катталган Сагынбек Абдрахмановду партиянын лидери катары тааныбайм. КСДПны эл өкүлү Асел Кодуранова убактылуу жетектеп турат. Партиянын келечегине күйгөндөр ойлонуп жатабыз. Биз өз убагында жер-жерлерде уюмдарды түзгөнбүз. Ал адамдар шайлоодо эмгек кылган. Эми аларды таштап койсок, жалпы элдин алдында абийирибиз төгүлөт», — дейт Турсунбеков.

Эл өкүлү КСДПны 5 жыл жетектеп турган кезде партиянын 20 жылдыгын белгилеп, съезддерди каржылаганын белгиледи.

«Ал учурда 60 ячейка түзүлгөн. Партиянын ар жылкы съездин мен өткөргөм. Мындан сырткары, КСДП Кытай, Орусия, Казакстан жана Түркиянын партиялары менен биргеликте иштеп турган. Мунун баарына менин каражатым кеткен. Ал маңдай тер менен табылган каражат эле», — дейт Турсунбеков.

Ал мындан сырткары, 2015-жылкы парламенттик шайлоодо бардык партиялардын тизмесин Атамбаев түзгөн деген пикирлерге кошулбай турганын да белгилеп өттү.

Copyright © 2017 Maral FM