Биз менен байланышыңыз

Турсунбеков: Парламент лидерсиз калды

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Июн 2019 | 751 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков «Марал» радиосуна берген маегинде парламент дээрлик лидерсиз калганын билдирди.

Анын айтымында, айрым фракция жетекчилери лидерликке жете электе эле кызматка келип алган. Парламентте калыптанган лидерлер жок болгондуктан, ЖК «башсыз» калды. Мындан улам, алдыдагы шайлоодо парламентке лидери бар күчтүү партиялар келиши керек.

Ал эми партия түзүп, аны чоң күчкө айлантуу үчүн каражат керек.

«Эл партиялардан программасын талап кылгыдай саясий жашоону салтка айлантышыбыз керек. Партия лидеринин акчасы таза болсо, эл алдында жүзү жарык болот, болбосо мүдүрүлүүлөр көп кездешет. Партияда иштөө үчүн идея жетишсиз. Себеби, иштегендерге да акча төлөп бериши керек. Жок дегенде саясий карьерасын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү зарыл», — дейт Турсунбеков.

Copyright © 2017 Maral FM