Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Костанайдагы жарылуудан 7 киши жабыркаган

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июн 2019 | 521 | 0

Казакстандын Костанай шаарындагы Техникалык тейлөө станциясында жарылуу болуп, 7 адам жабыркады. Бул тууралуу Tengrinews.kz. басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, бүгүн, саат 12:00 чамасында эки кабаттуу тейлөө станциясы жарылган. Куткаруу иштерине өрт өчүрүү жана саламаттыкты сактоо кызматынан жалпы 98 адам жана 30 техника тартылган. Станциядан 9 газ баллону башка жакка көчүрүлгөн. Ал эми имарат толугу менен урап түшкөн.

Саламаттыкты сактоо кызматкерлери билдиргендей, 7 адам ар кандай жаракат алган. Алардын экөөсүнүн абалы оор болгондуктан, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Айрым маалыматтарда бул жерде тез татым күркөсү жана техникалык тейлөө станциясы жайгашканы айтылат. Ошондой эле, ошол күркөдө газ түтүктөрүн орнотуп жаткан деген билдирүүлөр да бар.

Copyright © 2017 Maral FM