Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан-Индия» бизнес форуму кандай жыйынтык берет?

Экономика | 14 Июн 2019 | 1158 | 0

Бүгүн, 14-июнда Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин расмий иш сапарынын алкагында «Кыргызстан-Индия» бизнес форуму башталды. Анын расмий ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди катышты.

Өлкө башчы бизнес-форумда индиялык инвесторлорду жана фонддорду тыгыз кызматташууга, Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды. Аны менен катар Нарендра Модинин бизнес-форумдун ишине катышуусу эки өлкөнүн бизнесмендеринин арасында өз ара ишенимди жогорулатып, тажрыйба алмашуусуна өбөлгө болоруна ишеним артты. Ошондой эле, Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн абдан жагымдуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

— Инвестордун активдери жана жеке менчиги мамлекет тарабынан ишенимдүү коргоого алынды. Алар кол тийгис, буга Кыргыз мамлекети толук кепилдик берет. Боордош индиялык өнөктөштөрүбүзгө эшигибиз дайыма ачык. Кыргыз тарап экологиялык жактан таза органикалык өндүрүмдөрдү экспорттоонун көлөмүн жогорулатууга даяр. Индиянын капиталын гана эмес, алдыңкы компанияларынын технологияларын тартуу да биз үчүн артыкчылыктуу багыт. Кыргызстан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүп, коомду санариптештирүүнү ишке ашырууда. Ага байланыштуу, Индиянын маалыматтык технологиялар жаатында жетишкендиктерин эске алуу менен, индиялык досторду ушул тармакта тыгыз кызматташууга чакырам.

Жээнбеков мындан сырткары, ишкерлердин жана инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо максатында өлкөдө биринчи жолу Бизнес-омбудсмен институту ачылганын эске салды.

Ал эми Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү маанилүү окуя экенин билдирди. Ал өтүп жаткан бизнес форум эки тараптуу кызматташууну арттырууга салым кошорун белгиледи. Ошондой эле, эки өлкөнүн экономикалык, маданий байланышы илгертен бери тыгыз экенин эскертип, мындан ары алакаларды инвестиция жана соода-сатык аркылуу чыңдоого кызыкдар экенин айтып өттү.

— Бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышыбыз керек. Кыргызстандан сүт азыктарын, бал, жаңгакты импорттосок болот. Индия медицина, текстиль жана башка тармакта Кыргызстан менен кызматташууга даяр.

Нарендра Моди эки тараптуу долбоорлорду ишке ашырууга Индия тарап 200 млн. доллар насыя бөлө турганын да маалымдады.

2018-жылы Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү – болгону 37 миллион долларды түзгөн. Бул жагдайды жакшыртуу максатында бизнес форум уюштурулуп, эки өлкөнүн жетекчилери саясий деңгээлде да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Форум бизнес долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга, эки өлкө ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатууга шарт түзөт. Бул тууралуу Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу билдирди.

— Форум түз инвестицияларды тартууга, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө өбөлгө болот. Индия Кыргызстандын IT технологиялар, фармацевтика, билим берүү, жеңил өнөр жай, айыл чарба тармагына кызыкдар. Бул жаатта келишимдерге кол коюуга жетишебиз деп ойлойм. Индия менен экономикалык алака турукташып келе жатат. Андыктан, өтүп жаткан форум бизнес алакаларды күчөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Форумдун жыйынтыгы менен бир канча келишимге кол коюуга аракет кылабыз.

Эки күндүк иш-чара өлкөнүн экономикалык кызматташуусун активдештирүү, инфратүзүмдүк жана энергетикалык долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу жана алдыңкы индиялык компанияларды кызматташууга тартуу максатын көздөйт.

Кыргыз-индиялык бизнес форумунда «Бишкек-Дели» аба каттамын ачуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүү пландалууда. Бул тууралуу аталган форумда КРнын Соода-өнөр-жай палатасынын Индиядагы өкүлү Бектурган Калыбек уулу билдирди. Ал индиялык бизнесмендер текстиль, булгаары жана зер буюмдарын экспорттоого даяр экенин кошумчалады.

— Кыргыз бизнесмендери Индияга бал, кургатылган жемиш экспорттоого даяр. Индия жарандары биздин ал азыктарды жактырат. Көптөгөн индиялык бизнесмендер Кыргызстанга фармацевтиканы экспорттоого кызыкдар. Биз билгендей, ал тармак Индияда өнүккөн.

Форумдун биринчи күнүндө туруктуу өнүгүү жана соода алакалык кызматташууну изилдөө максатында талкуу-талдоо сессиялары өттү. Ага эки өлкөнүн белгилүү мамлекеттик инсандары, ишкерлери, алдыңкы жана ири компаниялардын жетекчилери да келди.

Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсынын төрагасы Сталбек Акматов зергерлик тармагында иш алып барат. Ал форумга асем буюмдарды жасоого кызыкдар индиялык ишкерлер менен B2B форматында жолугушуу өткөрүү ниетинде катышып жатат.

— Индия — зергерлик боюнча дүйнөдө эң алдыңкы өлкө. Мындан улам, форумда ишкерлер менен жолугушуп, сүйлөшсөм деген ойдомун. Өзүмө ылайыктуу ишкерлерди тапсам, бирге бизнес жүргүзүү максатым бар. Форумга Индия менен болгон карым-катнаш, соода-сатык, экономикалык байланыш жаатында ийгиликке жетебиз деген максатта келдим. Индия — калкынын саны көп, өнүккөн өлкө. Мындан улам, жергиликтүү ишкерлер индиялык бизнесмендер менен кызматташууга жетишишибиз керек. Ал үчүн бизнес форум уюштуруп, чет элдик инвесторлор менен жолугушууга шарт түзгөндөргө ыраазычылык билдирем.

Ал эми Индиянын «Mahindra Group» компаниясынын президенти С. П. Шукла Индия менен Кыргызстандын армиясы окшош аскердик техникаларга ээ экенин, бирок заман аларды жакшыртып, алмаштырууну талап кылып жатканын билдирди. Бул жаатта аэрокосмостук жана коргонуу сектору боюнча иш алып барган «Mahindra Group» кызматташууга даяр экенин белгиледи. Шукла мындан сырткары, аталган компаниянын өндүрүмдөрү тууралуу да маалымат берди.

— «Mahindra Group» компаниясы жетиштүү жөндөмгө ээ. Биз учактарды жасайбыз. Кичи учактар көзөмөл үчүн ыңгайлуу. Аларды туризм үчүн да колдонууга болот. Баасы 1 млн. доллардын тегерегинде турган учактар туризмди жайылтууну, өнүктүрүүнү каалаган өлкөлөр үчүн абдан ыңгайлуу. Мен Кыргызстанга биринчи жолу келип жатам. Тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү менен маалымат алмашкан соң, кайсы багыттарда иш алып барууга болорун айта алам. Алгач өлкөнүн рыногу менен танышуу зарыл. Бирок кызматташтыктар ар дайым биринчи кадам менен башталат.

Мындан сырткары, Индиянын Текстиль министрлигинин кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча комиссары Ратнеш Кумар Жа кыргызстандык сүрөтчү, дизайнерлер менен биргеликте иш алып барып, Кыргызстандын кол өнөрчүлүк буюмдарын дүйнөлүк рынокко чыгарууда колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

— ШКУнун саммитинин алкагында Кыргызстандын Улуттук тарых музейинде Индия элинин кол өнөрчүлүк буюмдары жана текстиль өнөр жайы тууралуу көргөзмө уюштурулду. Анда Кыргызстандын кол өнөрчүлүк буюмдары менен таанышып чыктым. Өзгөчө шырдак менен териден жасалган буюмдар абдан жакты. Кол өнөрчүлүк боюнча Дели шаарында өтө турган иш-чарага кыргызстандык сүрөтчүлөрдү, дизайнерлерди чакырабыз. Кыргызстандык делегация Индияга келип, биргеликте иш алып баруунун арты менен кол өнөрчүлүгүн бийик денгээлде өнүктүрө алат. Азырынча келишимдерге кол койгон жокпуз. Индия тууралуу Кыргызстанга маалымат бердик.

Соода жаатындагы кызматташтык дарамети толук колдонулса, Индия менен Кыргызстандын ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү жогорулашы ыктымал. Мындай бааны эл аралык Ишкерлер кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков берди.

— Маалыматтык-технология жаатында, фармацевтика, туризм, энергетика тармагында кызматташууга көп мүмкүнчүлүктөр бар. Алсак, маалыматтык технологиялар боюнча иш алып баруу үчүн жол керек эмес. Анын үстүнө, Индия бул жаатта алгылыктуу иштерди жасап, дүйнө жүзү боюнча программаларды иштеп чыгууда. Алардын адистери көп элге таанымал. Форумдун алкагында индиялык ири компаниянын жетекчилерине Кыргызстан тууралуу маалымат берип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзүлөт. Мындан сырткары, мамлекеттик органдар туура көрсө, коргоо комплекси боюнча да кызматташсак болот.

Ал эми Жогорку технологиялар паркынын жетекчиси Алтынбек Исмаилов ШКУга мүчө мамлекеттердин санариптештирүү жана маалыматтык-байланыштык технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтык Концепциясын ишке ашыруу үчүн Кыргызстан Индия менен тыгыз иш алып барышы зарыл экенин билдирди.

— Индия бул багытта бизден бир топ алдыда. Биз да алардын тажрыйбасына таянып, кандай технологияларды экспортко чыгарып же импорттой аларыбызды аныктай алабыз. Учурда изилдеп жатабыз. Жогорку технологиялар паркы жакында эле индиялык ишкана менен биргелешип билим берүү жана IT компанияларынын арасында өз ара кызматташууну жакшыртуу боюнча келишимге кол койгон.

Белгилей кетсек, бизнес форум Кыргызстандын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги жана Индиянын Соода жана өнөр жай палаталарынын федерациясынын колдоосу менен өтүп жатат. Иш-чаранын экинчи бөлүгү 15-июнда уланат. Анда өлкөлөр инвестициялык долбоорлор боюнча маалымат алмашышат.

Copyright © 2017 Maral FM