Биз менен байланышыңыз

Сыдыков: Улуттук банктын төрагасы ишеничке ээ болсо, анда эл аралык өнөктөштөр да ишенет

Блог , Маек , Пикирлер | 29 Сен 2021 | 3378 | 0

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов отставкага кетти. Толкунбек Абдыгулов отставкасы тууралуу сөз болору менен анын ордуна Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлиги сунушталды. Кубанычбек Бөкөнтаев буга чейин Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Депутат Дастан Бекешевдин маалыматы боюнча, жаңы сунушталган талапкердин кайсы бир кылмыш ишинде аты аталууда. Абдыгуловдун отставкасы коомчулукта кызуу талкуу жаратты жана учурда кетишинин түрдүү себептери айтылууда. Төраганын кызматтан кетиши банк секторуна жана экономикага кандай таасир этиши мүмүнкүн? Бул суроого Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков жооп берди.

— Аскар мырза, Улуттук банктын төрагасынын күтүүсүздөн отставкага кетүүсү, банк системасына кандай таасир этет?

— Бул банк секторун, жалпы эле бизнес коомчулукту тынчсыздандырган нерсе. Борбордук банктарга кылдат мамиле жасалышы абзел. Улуттук банк мамлекетте эң туруктуу, коопсуз, мыкты кадрлар иштеген жер болушу шарт. Бул жерде күтүлбөгөн жерден отставкага кетиши дагы, барыбызды таң калтырды. Эми ойлоно турган нерселер кайсылар десек, акча кредиттик саясаттын бүтүмдүгү жана Улуттук валюта болгон сомубуздун наркын сактап калуу. Себеби, көп өлкөлөрдө борбордук банктын башчылары күтүүсүз алмашкандан кийин, көп учурда валютанын түшүп калышына алып келген. Аны дагы ойлонушуз керек. Жалпысынан алганда, эгерде чындап эле ушундай болсо, жаңы келген жетекчинин кандай иштей турганы, Улуттук банктын кадрлык курамы, кандай иш алып бара турганы азыр белгисиз. Мына ушуларды ойлонушубуз керек. Себеби, банк системасы бул — экономикабыздын кан тамыры болуп саналат. Ага аябагандай кылдаттык менен мамиле кылышыбыз керек. Ошондой эле валютанын наркын сактап калышыбыз маанилүү. Мындан сырткары эл аралык уюмдардын жана кредиторлордун ишеними маанилүү. Эгерде, Улуттук банктын төрагасы ишеничке ээ болсо, анда эл аралык өнөктөштөр да ишенет.

 Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаев сунушталып жатат, көрсөтүлгөн талапкер боюнча эмнелерди айта аласыз?

Жаңы сунушталып жаткан кадр боюнча көп деле маалыматым жок, маалыматтар чектелүү. Иштеп кетет деп үмүт кылабыз. Бирок менин айтарым, отставкасы сөз болуп баштагандан бери көптөгөн коммерциялык банктын өкүлдөрү бизге чалып: «Коммерциялык банктар эми кандай болот» , — деп тынчсызданууларын билдирип жатышат.

— Жетекчилик алмашкан учурда Улуттук банктын иштөө тартиби кайра канча убакта калыптанат?

—  Эми төрагасы алмашкандан кийин, ал кандай саясат жүргүзсө, ошонун жыйынтыгында билинет. Жетекчи жыйын өткөрүп кандай иштерди алып барары жана пландары боюнча айтып бериши керек. Жалпысынан ушул сыяктуу мамлекеттик жетекчилердин алмашууларына көнүп деле калдык. Көп учурда эки ай сайын жетекчи алмашкан учурлар болуп жатат, бул дагы терс көрүнүш. Өзгөчө Борбордук банкта ыкчам кадрлык алмашууларды жасабаш керек. Мамлекеттик кызматкерлер дагы жечекчилери алмашкан сайын, кимге баш ийерин билбей, иштей албай жатканын бизге айтып жатышат. Ушул сыяктуу көрүнүштөр Улуттук бакнта болбош керек.

— Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM