Биз менен байланышыңыз

ШКУ саммити бүттү. Эми дүйнө лидерлери Тажикстанга сапар тартат

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 528 | 0

Эртең Дүйшөмбүдө Азиядагы өз-ара карым-катнаш жана ишеним чаралары боюнча кеңешме өтөт. Ага 10 өлкөнүн президенти катышат. Алар: Орусия, Кытай, Иран, Азербайжан, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Бангладеш, Түркия жана Шри-Ланка өлкөлөрү. Ошондой эле, Ооганстандын өкмөт башчысы Абдулла Абдулланын да катышары күтүлүүдө.

Бангладеш менен Шри-Ланканын өлкө башчылары Дүйшөмбүгө 13-июнда келишкен.

Дүйшөмбүдөгү форумга Бахрейн, Вьетнам, Египет, Израиль, Индия, Иордания, Ирак, Катар, Камбожа, Түштүк Корея, Монголия, Бириккен Араб Эмираттары, Пакистан, Палестина, Тайланд, Беларусия, Индонезия, АКШ, Филиппин, Малайзия, Украина, Япония, БУУ, ЖККУ, ШКУ жана КМШдан жогорку даражадагы өкүлдөр келип катышары айтылган.

Иш-чаранын расмий бөлүгү «Кохи Навруз» борбордук имаратында өтөт. Аны 650дөн ашык жергиликтүү жана чет элдик ЖМК өкүлдөрү чагылдырат.

Эске салсак, Азиядагы өз-ара карым-катнаш жана ишеним чаралары боюнча кеңешмесин уюштуруу былтыркы жылы Кытайдан Тажикстанга өткөн.

Азиядагы өз-ара карым-катнаш жана ишеним чаралары — тынчтыкты сактоо, Азиядагы стабилдүүлүктү жана коопсуздукту орнотуу максатында түзүлгөн, 27 өлкөнү бириктирген эл аралык форум. Ошондой эле, байкоочу катары 8 мамлекет жана 5 эл аралык уюм катышып келет.

Copyright © 2017 Maral FM