Биз менен байланышыңыз

ФИФАнын рейтингинде Кыргызстан 95-сапта

Кыска кабар , Спорт | 13 Июн 2019 | 474 | 0

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы дүйнөлүк футбол уюмунун (ФИФА) жаңыланган рейтингинде 95-саптагы ордунда калды. Бул тууралуу football-rankings.info порталында жарыяланган кабарда айтылат.

ФИФАнын жаңыланган рейтинги ЕВРО-2020 чемпионатына тандап алуу, Европанын «Улуттар Лигасы» мелдешинин финалынын, Азия футбол конфедерациясы чөлкөмүндөгү тандап алуу жана жолдоштук беттештердин жыйынтыгын эске алуу менен эртең, 14-июнда расмий жарыяланат.

Кыргызстандын курамасы 11-июнда Бишкекте Палестина курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрүп, эсеп 2:2 тең чыгуу менен аяктады. Бул көрсөткүч менен курамабыздын рейтингдеги 95-саптагы ордун сактап кала алды.

Рейтингдеги алдыңкы ТОП ондукта өзгөрүү болду.

Европанын «Улуттар Лигасы» мелдешин жеңип алган Португалия курамасы бешинчиге көтөрүлдү. Ал эми Испания жетинчи сапка жайгашты.

Copyright © 2017 Maral FM