Биз менен байланышыңыз

Рада депутаты: Зеленский Украинаны кыйроого алып баратат

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 501 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнү бүлгүнгө учуратат. Мындай пикирин Жогорку Раданын депутаты, «Оппозиционная платформа — За жизнь» партиясынын түзүүчүсү Вадим Рабинович «112 Украина» телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын ою боюнча, президенттин админстрациясынан Донбасстагы ички чыр-чатакты улантуу ниети гана байкалат.

«Мага Зеленский аябай жагат. Бирок, мен өлкөнүн өнүгүүсүн каалайм. Анын акыркы аракеттери бизди туңгуюкка жетелеп баратат. Украина көз карандысыз өлкө болушу керек. Аны менен катар, чыгыштагы өнөктөштөр менен да мамилени сактап калуубуз зарыл», — деди Рабинович. Ошондой эле, НАТОго кирүү менен тынчтык орнобошун кошумчалаган.

Буга чейин Украина президенти Донбасстагы атышуулар боюнча, окуяга жараша, катаал түрдө жооп берерин билдирген. Бирок дипломатия боюнча Киев ок чыгарууну токтотууну суранган.

Copyright © 2017 Maral FM