Орусия ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн келген мигранттарга да пенсия чектеп берет. Аталган өлкө ушул маселе боюнча жобо кабыл алды. Эми бул документ ратификацияланса, пенсия алуу укугуна ээ боло тургандардын арасына кыргызстандык мигранттар да кирет. Маалыматка ылайык, келишимге күз айларында кол коюлуп, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр тарабынан жылдын аягына чейин ратификацияланышы күтүлүүдө.
800 миңдей кыргызстандык чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүрөт. Алардын 80 %ы Орусияда. Калган көпчүлүгү да ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө эмгектенишет. Миграция кызматынын берген маалыматына ылайык, мигранттар тарабынан өткөн жылы өлкөгө 2,5 млрд. доллардан ашык каражат которулган. Бирок өлкөгө чоң суммадагы акча которгондор пенсия курагына келгенде, эмгек тажрыйбасы эске алынбай, чет өлкөдө өткөн жылдары текке кеткен учурлары көп катталат.
Батина айым 5 жыл Орусияда мыйзамдуу эмгектенген. Бирок пенсияга чыгарда, анын ал жактагы эмгек тажрыйбасы, алган акчасы эсептелбей калган. Натыйжада, аз өлчөмдөгү акча менен пенсияга чыккан.
— Мен 2007-2012-жылга чейин Орусияда иштедим. Бардык документтер бар болчу. Бирок пенсияга чыккан учурда ал жакта иштеген эмгек тажрыйбам эске алынбай, иштеген жылдарым пенсиялык стажга жетпей калды. Натыйжада, үлүш жердин эсеби менен пенсияга чыктым. Көп мигранттар ошентип сыртта жүрүп, тажрыйбасы эске алынбай калат. Ушул нерсени эске алса жакшы болмок.
Эми жогорудагы каарман сыяктуу Орусияда мыйзамдуу иштеп, фондго каражат төгүп келгендер үчүн Орусиянын эсебинен да пенсия алуу мүмкүнкүнчүлүгү түзүлүшү мүмкүн. РБК сайтынын жазган маалыматына ылайык, Орусия Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттарына пенсия төлөп берүү тууралуу жобо кабыл алды. Ал март айында иштелип чыккан. Жобо ЕАЭБ мүчөлөрү кол коюп, ратификациялангандан кийин күчүнө кирет.
Азыркы тапта мигранттар пенсиялык фондго акча которсо да, пенсия ала алышпайт. Себеби, мурдагы Советтер Союзунун курамындагы өлкөлөрдө пенсиялык саясат 1992-жылдагы келишимдин негизинде гана ишке ашып, андан кийин жаңыланып иштелип чыккан эмес. Мындан улам, Кыргызстан да ЕАЭБдин алкагындагы өлкөлөр менен жогорудагы документтин эртерээк ишке ашуусуна кызыкдар экенин Социалдык фонддун тарифтик жана пенсиялык саясат башкармалыгынын башчысы Жылдыз Кулжанова айтат. Анткени, мигранттардын көпчүлүгү ЕАЭБдин алкагындагы өлкөлөрдө иштеп жүргөндүктөн, алар пенсияга чыккан учурда ошол жактын фондуна төлөгөн каражаты эске алынбай келгенин айтат.
— Бүгүнкү күндө чындыгында биздин көпчүлүк мигранттар сыртта иштеп жүргөндүктөн, ал жакка камсыздандыруу үчүн каражат төккөнү менен алар эске алынбайт. Анын негизинде пенсия ала албай калгандар да бар. Ошондуктан, жарандарыбыздын көпчүлүгү ЕАЭБдин алкагындагы өлкөлөрдө иштегендиктен, биз үчүн бул документ өтө маанилүү. Ал ишке ашса, мигранттардын ошол биримдикке кирген өлкөлөрдө иштеген тажрыйбалары да пенсиялык стажына кошулат.
Эл өкүлү Карамат Орозова мындай шартты бир гана ЕАЭБ алкагындагы өлкөлөрдө иштеген эмес, башка өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүргөн жарандарга да киргизүү маселесин көтөрөт. Маселен миграция кызматынын маалыматы боюнча, жарандардын жумуш издеп эң көп барган өлкөлөрүнүн ичинде Түркия да бар. «Бирок ал жакта эмгектенгендер пенсияга чыга албайт», — деп, буларга токтолду:
— Азыр Орусияда иштегендер үчүн жакшы шарт түзүлүп калды. Расмий түрдө иштеп, эми бул документ күчүнө кирсе, пенсия да ала алышат. Бирок азыркы учурда Түркиядагы мигранттарга да ушундай шарт болсо. Ал жакта жумушка орношуу кыйын. Ушундай эле талапты, шартты биз башка мамлекетте иштеген мекендештер үчүн да койсок жакшы болмок.
Маалыматка ылайык, учурда өлкө аймагы боюнча 651 миң адам пенсия алат. Ал эми жогорудагы келишим күчүнө киргенден кийин ЕАЭБдин алкагындагы өлкөлөрдүн жарандары да Кыргызстанда иштеп, камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөсө, алар да пенсия алууга укуктуу болушат.