Биз менен байланышыңыз

Баткенге өзгөчө макам берүү: Төрт мыйзамга өзгөртүү киргизилет

Саясат | 16 Июн 2021 | 5287 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер жана мыйзам долбоорлору каралды. Алардын катарында «Баткен облусуна өзгөчө статус берилгенине байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам биринчи окууга киргизилди. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Министрлер кабинетинин төрагасы болуп саналат. Жогорку Кеңештин депутаттарынын аталган мыйзам долбоору боюнча сунуштарына алдыда кененирээк токтолобуз.

Бүгүн парламентте «Баткен облусуна өзгөчө статус берилгенине байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы биринчи окууга киргизилди. Буга чейин «Баткен облусуна өзгөчө статус берүү жөнүндө» мыйзам долбоору комитеттерде жана Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи окууда каралып, депутаттар бир канча сунуштарды беришкен. Аларды эске алуу менен Баткен облусуна макам берүүгө тиешелүү болгон дагы төрт мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизилип жатканын Айыл, суу жана токой чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов белгилеп, төмөнкүлөргө токтолду:

«Министрлер кабинетинин төрагасы 2-июнда мыйзам демилгечиси катары төрт мыйзам долбоорун өзгөртүүнү сунуштап жатат. Алар: Бюджет кодекси, Инвестициялар мыйзамы, Салык кодекси жана Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча мыйзам долбоору. Эми бул жерде эң негизгиси, Баткендин өзгөчө макамына байланыштуу. Биринчиден, Баткен облусуна өзгөчө инвестициялык режимди түзүү максатында, экинчиден, өзгөчө салык режимин түзүү максатында, үчүнчүдөн, мамлекеттик сатып алуулардын өзгөчө жеңилдетилген механизмин, төртүнчүдөн, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеңилдетилген түрүн берүү максатында сунушталып жатат. Концепциясын колдоп берүүңүздөрдү суранабыз». 

Аталаган мыйзам долбоорун парламенттин 4 комитети: Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Бюджет жана финансы боюнча комитет караган.

Депутат Дастан Бекешев Салык кодексинин 167-беренесине киргизилип жаткан өзгөрүүлөрдү алып салууну өтүндү. Ошондой эле ал мындай сунушун буга чейин комитетте да айтканын эскертти. Анын пикиринде, аталган өзгөрүүлөр юридикалык жактардын Баткенге барып катталып, салыктан качуусуна жол ачат.

«Салык кодексинин 167- беренесине өзгөрүүлөр киргизилип жатпайбы? Ошону алып салгыла, себеби бизде салыктан качуу башталат. Юридикалык жактар Баткенге барып, ошол жерде катталып, ошонун негизинде салыктан качса болот. Коркунучтар өтө чоң. Биз комитетте айтканбыз. Тилекке каршы, бизде конституциялык комитет жабык режимде иштеп жатабы, стенограмма үчүн айтып коёюн деп жатам, кийин «биз билген жокпуз» деп айтпасын». 

Ал эми депутат Тариел Жоробеков Баткен облусуна өзгөчө макам берүүдө Салык кодексинин кайсы беренелерине өзгөртүүлөр киргизилип, салыктын кандай түрлөрүнө жеңилдиктер бериле турганына кызыкты.

Ага жооп катары Экономика жана каржы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев салыктык жеңилдетүүнүн эки түрү бар экенин, жеңилдетүүлөрдүн биринчи топтому боюнча 114 млн, экинчи топтому боюнча 25 млн жоготуу боло турганын маалымдады.

«Жеңилдетүүнүн эки түрү бар. Биринчиси, 144-беренеде бекитилген салыктын төрт түрү боюнча. Бул преференциалдык аймактардагы ишкердиктин түрлөрүнө берилген жеңилдетүүлөр. Анда жаңы ачылган ишканаларды салыктан бошотуу, үч тараптуу келишим каралган. Биз ошол биринчи пакеттин алкагында жаңы ачылган ишканалар эмес, үч тараптуу макулдашуусуз төрт салыктын түрүнөн Баткен облусун бошотуу боюнча жеңилдик бердик. Эки талапты алып салдык. Экинчи пакетте болсо, ошол төрт салыктан тышкары дагы акциз жана нарк салыгынан башка салыктарды алып салуу боюнча атайын аймактардын тизмеси кийин өкмөттүн токтому менен бекитилет». 

Баткен облусунда 537 миң калк жашайт. Алардын 65%ы эмгек миграциясында, башкача айтканда, Кыргызстанда эң көп Баткен облусунун жашоочулары ички жана сырткы миграцияга кабылган. Ошондой эле Баткен облусунун айыл өкмөттөрүнүн 99%ы, тагыраак айтканда, 31 айыл өкмөттүн 30у дотацияда экенин депутат Умбеталы Токторалиев айтып, аталган аймакка инвесторлор оңойчулук менен барбай турганын, ал үчүн эмгек мигранттарын тартууга шарт түзүү зарылдыгын белгиледи.

Анын айтымында, Баткен облусу салыктан толугу менен бошотулушу керек.

«Эң жакшы, чыныгы инвестор Баткенге оңой менен барбайт. Ошондуктан биздин эмгек мигранттарына Баткенде шарт түзүү керек. Эгерде кайра иштетүүчү завод курам десе, салыктан толугу менен бошотуу керек. Өнөр жай ишканасын курам десе, 10 жыл салыктан бошотуу керек. Баткен облусунун маселеси — мамлекеттин маселеси. Мына силер алып келген долбоор баягы эле көп сөз да. Көп сөз болгондо тажрыйбада эч качан көп иш болбойт».

Ошондой эле депутат Карамат Орозова Баткен облусуна аскердик шаарча куруу, жумуш орундарын түзгөн ишкерлерге көптөгөн жеңилдиктерди көрсөтүү жана Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө вице-премьер-министрдикиндей макам берүү өңдүү сунуштарын айтты.

Жыйында депутаттардын көпчүлүгү салыктарды кыскартууну, жеңилдетилген насыяларды берүүнү, инвесторлорду тартууну жана социалдык колдоолорду көбөйтүүнү сунушташты. Ошондой эле депутаттар Баткен окуясында жабыр тарткандарга көрүлүп жаткан жардамдар, курулуш иштеринин жүрүшү, бөлүнгөн акча каражаттары боюнча да суроо беришти.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM