Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: Туруксуз аба ырайы күтүлөт

Без рубрики | 12 Июн 2019 | 472 | 0

12-июнда Кыргызстандын аймагында  аба ырайы туруксуз болот: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

12-июнда Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2019-жылдын 12-июнунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM