Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова: Жайкы лагерлер текшерилет

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Июн 2019 | 425 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Мамлекеттик экотехинспекция балдар үчүн ачылып жаткан лагерлерди текшерип, талаптарга жооп бергенине гана иштөөгө уруксат берет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жеке менчик лагерлер бизнес катары каралып, алдын ала уруксат менен текшерилет.

«Балдардын коопсуздугу боюнча май айында жыйын өтүп, тиешелүү органдарга тапшырма берилген. Экотехинспекция парктарды кыдырып, талаптарга жооп бербеген атракциондор ишин токтотконун айткан. Батуттарды уруксаты жок каалаган жерге коюп иштетип жатышат. Эми Экотехинспекция лагерь уюштурулган жерлерди да текшерип чыгат», — дейт Өмүрбекова.

Маалыматка ылайык, балдардын коопсуздугу боюнча телефон аркылуу ар бир ата-энеге кат жиберилип турат. Мындан сырткары, социалдык тармактар жана ЖМКлар аркылуу роликтер таратылат.

«Ата-энелер жумуш деп балдарын карабай калууда. Мындан улам аларга да түшүндүрүү максатында ири маалыматтык  кампания баштаганы турабыз. Ошондой эле 111 кыка номуру балдарга жадам берет», — дейт вице-премьер-министр.

Copyright © 2017 Maral FM