Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова: 100гө жакын «Жайлоодогу бала бакча» ачылды

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Июн 2019 | 489 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Марал» радиосуна берген маегинде быйыл жайкы лагерлерде орто эсеп менен 20 миңдей бала эс аларын билдирди.

Анын айтымында, 818 мектепте жайкы лагерь уюштурулуп, өзүнчө программа түзүлөт. Анда балдар музей, кинотеатр жана башка маданий мекемелерге барат. Түрдүү ийримдер уюштурулат. Ошондой эле, түрдүү интерактивдүү оюндар, спорттук иш-чаралар да каралган.

«Мектептерде уюштурулган лагерлерде ар бир балага жергиликтүү бюджеттен күн сайын 44 сомдон бөлүнөт. Мындан сырткары, айыл өкмөттөрүнөн тарта, райондук администрацияларга чейин жок дегенде боз үй тигип, эс алуу жайын уюштуруп, ийримдерди ачуу тапшырмасы берилген. Боз үй тигилген жерлерди «Жайлоодогу бала бакча» деп атап койдук. Алардын саны 100гө жетти. Ал жерде балдар топ-тобу менен келип, 5-6 саат эс алып кетет», — дейт Өмүрбекова.

Маалыматка ылайык, мектептердин баарынын лагерь ачуу мүмкүнчүлүгү жок. Балдар лагерлеринин баасы 4 миң 500 сомдон жогору. Баалар түзүлгөн шарттарга жараша өзгөрөт.

Өмүрбекова жеке менчик лагерлер да кызыктуу программа уюштурууга аракет кыларын кошумчалады.

Айта кетсек, республика боюнча балдар үчүн 53 жайкы лагерь бар.

Copyright © 2017 Maral FM