Биз менен байланышыңыз

Футбол. Кыргызстан — Палестина 2:2 эсебинде тең чыгышты [фото]

Кыска кабар , Спорт | 12 Июн 2019 | 428 | 0

Кыргызстандын Футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина курамасы менен жолдоштук беттешти ута алган жок.

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өткөн беттеш 2-2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Оюндун биринчи бөлүгүндө Турсунали Рустамов жана экинчи бөлүктө Бекжан Сагынбаев киргизген 2 гол менен Кыргызстан алдыда бараткан.

Экинчи бөлүктө коноктордон Сыян Тамер айып аянтчасынын сыртынан айып тобун тээп киргизип, эсеп айырмасын азайтты. Ал эми беттештин негизги убактысынын акыркы мүнөтүндө Абдулаттиф Аль Бахдари 11 метрлик айып тобун киргизип, эсепти теңеп кетишти.

Бул — кыргыз футболчуларынын Азия Кубогунан кийинки алгачкы оюну.

Кыргызстан менен Палестина курамалары буга чейин жалпысынан 5 ирет беттешкен. Улуттук курама анда 2 жолу утуп, эки жолу тең эсепте ойношкон. Ал эми бир жолу жеңилишкен.

Copyright © 2017 Maral FM