Биз менен байланышыңыз

Каникул учурунда балдардын суицидинин алдын алуу боюнча кеңешме өттү  

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 659 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жайкы каникул учурунда балдардын коопсуздугун камсыздоо жана балдардын суицидинин алдын алуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр баса белгилегендей, коомчулукту балдардын коопсуздугу маселелерине тартуу, колдо болгон бардык аянттарды, анын ичинде социалдык тармактарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуу, алар аркылуу ата-энелер жана балдар үчүн коопсуздук чараларын эскертүүчү социалдык билим берүү роликтерин көрсөтүү зарыл.

Вице-премьер-министр өспүрүмдөр арасында суицид маселесине өзгөчө көңүл бурду, балдарды өз өмүрүнө кол салууга түрткөн негизги себептер ата-энелери жана туугандары менен урушуу, улуулар тарабынан көңүл буруу жана түшүнүүнүн жоктугу, бактысыз сүйүү болуп саналат.

Анын айтымында, буга байланыштуу «Тез байланыш – 111» ишин активдештирүү керек, балдар квалификациялык жана психологиялык жардам алыш үчүн кайда телефон чалууга болорун билиши кажет.

Мындан тышкары, балдар эс алган жерлерде рейддик иш-чараларды өткөрүү, балдардын коопсуздугу боюнча калк арасында маалымдоо тууралуу медиа-план түзүү, белгилүү адамдарды тартуу, ыктыярчылар кыймылын түзүү, чогулуштардын катышуучуларына брошюраларды жана маалымат баракчаларын таратуу тууралуу айтылды.

Кеңешменин жыйынтыгында, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жай мезгилинде балдардын коопсуздугу боюнча «Коопсуздук үчүн бирге» ыкчам иш-чаралар планын иштеп чыгууну тапшырып, жалпы максат балдардын каникулун болушунча жагымдуу, коопсуз жана кызыктуу уюштуруу экендигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM