Биз менен байланышыңыз

«Мектептерге 12 жылдык окуу программасын киргизүү керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Июн 2019 | 842 | 1

Чет мамлекеттик тажрыйбада көпчүлүк мектептерде 12 жылдык билим берилет. Ал эми кыргызстандыктар чет жакка окууга барганда, кошумча билим алууга мажбур болушууда. Мындан улам, Кыргызстанда да орто билим берүүнү 12 жылдык кылуу зарыл. Бул тууралуу Борбор Азиянын аймактык илим изилдөө институнун директору, Хопкинс университетинин профессору Алмазбек Бейшеналиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Дүйнөлүк тенденцияга даярдашыбыз керек. Мектептердин сапатын көтөрүп, окутуунун ыкмаларын жаңыласак, окуучулар үчүн билим алуу кызыктуу болмок. Ошол абалга жетишибиз керек. Мамлекет чет жакка чыгып кетпей, өлкөдө иштей турган кадрларды окутушу керек. Ал эми жеке менчик секторлор кадрларын өзү тарбиялашы зарыл. Ал үчүн студенттерди колдоп, концепцияны ишканалар менен бирге иштеп чыгуу абзел», — дейт Бейшеналиев.

Анын айтымында, дүйнөдө студенттер билим алуу менен бирге тажрыйбаны айкалыштырып, ЖОЖдордо өзүн өнүктүрүүгө шарт түзүлгөн. Ал эми Кыргызстандын дарстарында СССР убагындагы маалыматтар айтылат.

«Дүйнөдө университеттер илимди изилдеп, аны товар катары сатып, түшкөн каражатты кайра билим берүүгө сарптоого жетишти. Башкача айтканда, билим берүүнү бизнес менен айкалыштырып, экономикага салым кошууда. Ал эми биздин универсиетттер мындайга жабык болуп жатат», — дейт Бейшеналиев.

Ал кошумчалагандай, мектептерге адеп сабагын киргизүүдө диний азчылыктарды да эске алуу зарыл. Андыктан, балдарды бала бакчадан тарта адамдык баалуулуктарга тарбиялоо керек. Анткени, бардык динде адамдык баалуулуктар бирдей.

1 пикир

1 пикир

  1. Тынычбек

    11.06.2019 22:08

    Айта берет кабинетте олтуруп алып. Бизге милдеттүү түрдө башталгыч илим берүү жетиштүү. Андан ары окугусу келгени атайын мектептерде окуп алсын. Окубаганына төрт тарабың кыбла деш керек. Учурда биз:
    а) окугусу келбеген окуучуну;
    б) аны окуткан мугалимди;
    в) анын ата-энесин;
    г) райОНО, ОблОНО, министрликтеги чиновниктерди зордуктап жатабыз. Класста ашып барса 4-5 окуучу окуйт. Калгандары статистика үчүн.
    Бизден алда канча өнүккөн Японияда мамлекет башталгыч билим берүүгө милдеттүү. А биз «2 ката катага эсептелбейт» деген министрибиз баш болуп сабатсызбыз. ЖК төрагасынын иш кагаздарындагы, Президенттин Указындагы каталарга көнүп деле калдык. ЖКтин депутаттарынын жөнөкөй теңдемени чыгара алышында шегим бар.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM