Биз менен байланышыңыз

«Билим берүүнү өнүктүрүү боюнча даяр программаларым бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Июн 2019 | 1947 | 1

Борбор Азиянын аймактык илим изилдөө институнун директору, Хопкинс университетинин профессору Алмазбек Бейшеналиев «Марал» радиосуна берген маегинде Кыргызстандын билим берүү системасын өнүктүрүү багытында даяр программалары бар экенин билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн билим берүү тармагын жакшыртууга эрки жетпей жатат. Ага өкмөттүн улам алмашып, туруксуз болуп жатканы да себеп болууда. Бирок коомчулук учурда билим берүү тармагындагы ири өзгөрүүлөрдү күтүп жатат.

«Кантип өзгөрүү жасоо керектигин да билүү зарыл. Аны жакшы талдабасак, өзгөртүү кыйын. Бул тармакты реформалоодо менде жетиштүү тажрыйба, билим бар деп эсептейм. Даяр программам бар. Эки өкмөткө тең сунуштарымды берип келгем. Анын негизинде чет жакта жүргөндө да анализ жасап, билим берүү тармагынан алыстаган жокмун», — дейт Бейшеналиев.

Ал Кыргызстандын билим берүү жаатында позитивдүү жагдайлар бар деген ойдон алыстай баштаганын айтып, билим берүү жана илим тармагында коңгуроо кагууга убакыт келгенин белгиледи.

1 пикир

1 пикир

  1. Фаризат

    26.11.2020 13:51

    Саламатсызбы Алмазбек Бейшаналиев Нарын обласынын Ат Башы районун мектептери ачылышы мумкун бу же ачылганы жатабы .Мен каршымын билинбегени менен Мугалимдер Ата энелер балдар ооруп жататго.Онлайн окусак жакшы болмок

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM