Биз менен байланышыңыз

Футбол: Бүгүн Бишкекте Кыргызстан-Палестина беттешет

Кыска кабар , Спорт | 11 Июн 2019 | 685 | 0

Бүгүн Кыргызстандын Футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул — биздин футболчуларыбыздын Азия Кубогунан кийинки алгачкы оюну.

Беттеш кечки саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.

Кыргызстан менен Палестина курамалары жалпысынан 5 ирет беттешкен. Улуттук курамабыз 2 жолу утуп, эки жолу тең эсепте ойношкон. Ал эми бир жолу жеңилишкен.

Кыргызстандын Футбол федерациясы улуттук кураманы колдоо үчүн мекендештерди стадионго келип, күйөрмандык кылууга чакырат.

 

Copyright © 2017 Maral FM