Биз менен байланышыңыз

«Атамбаев менен Жээнбековдун чыры токтобосо, «үчүнчү дөө» чыгат»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июн 2019 | 1481 | 1

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев «Марал» радиосуна берген маегинде өлкө башчы менен экс-президент эки жаат болуп уруша берсе, «үчүнчү дөө» чыгарын билдирди.

Анын айтымында, «үчүнчү дөө» чыкса, Атамбаев менен Жээнбеков экөө «чымын» болуп калышы мүмкүн.

«Эл бул жакта калып, эки клан чабышып жаткандай. Бул чыр токтобосо, 30-45 аралыгындагы жаштар чыгат. Алар биригип жатат. Башкача айтканда, «үчүнчү дөө» туура жолдо келе жатат. Алар элдин бактысына жаралган балдар, жакшы иштерди жасашат. Эч качан мыйзамсыз иштерге барышпайт», — дейт Осмоналиев.

Ал мындан сырткары, Атамбаев болгон ресурсун колдонуп, Сооронбай Жээнбековду президенттикке алып келгенин эске салып, экөөнүн жеке мамилеси коомго чыкпай, ортолорунда калышы керектигин белгиледи.

«Биринчи кезекте элди ойлошу зарыл. Атамбаев болгон ич күйдүсүн сыртка алып чыкканы туура эмес», — дейт экс-депутат.

Эске салсак, КСДП 8-июнда «Коррупция менен реалдуу күрөшүү үчүн» аталышындагы митинг өткөрүп, ага Атамбаев да катышкан. Иш-чаранын соңунда резолюция кабыл алынып, бийликке 5 талап коюлган.

1 пикир

1 пикир

  1. Талантбек

    11.06.2019 09:35

    Ассалам алейкум.Айтыш кыиыйн.Бийлик тытышып атса,жаштар кандай чыгат.Бир Аллага таяныш керек.Кимдики чын экоонун,калыс адамдар жокпу токтотуп койбойбу,канча жылдан бери эгоис болуп тытышып келе атат,дунуйодо Атамбаев менен Сооронбай эле жашай бекен элди ойлоюой,качан онугуп особуз,экону эле карап отурабызбы,чет элге маскаоа болуп,болбойт ко ошол!Кечириниздер жцроктогу нерсе чыкты да!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM