Биз менен байланышыңыз

Казакстанда митингге чыккан 100гө жакын адам кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июн 2019 | 707 | 0

Казакстандын борбор шаары Нур-Султанда жана Астанада өткөн митингде 100гө жакын адам кармалгандыгын Ички иштер министринин биринчи орун басары Марат Кожаев билдиргенин жергиликтүү басылмалар жарыялады.

Марат Кожаев билдиргендей, Казакстанда сот тарабынан тыюу салынган жана расмий катталбаган “ДВК” уюмунун чакыруусу менен жүздөгөн жарандар борбордук аянттарга чогулушкан. Буга чейин дагы президенттик шайлоону бойкот кылууга аталган уюм коомчулукту чакырып келген. Мындай каршылыктарга карабай шайлоо план боюнча өтүп жатат.

Анын билдирүүсү боюнча Ички иштер министрлиги шайлоого карата 7-июндан 12-июнга чейин күчөтүлгөн режимде иштеп, 10 миңден ашык милиция кызматкерлери жана Улуттук гвардия коопсуздукту көзөмөлдөйт.

Copyright © 2017 Maral FM