Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте КСДП митингге чыгат

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Июн 2019 | 390 | 0

Бүгүн, 8-июнда Бишкекте Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын «Коррупция менен реалдуу күрөшүү үчүн» атту митинги өтөт. Ага экс-президент Алмазбек Атамбаев да катышат. Бул тууралуу КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Маалыматка ылайык, митинг «Форум» имаратынын алдында саат 11.00дө башталат.

Ага партиянын мүчөлөрү, коомдук кыймылдардын, бейөкмөт уюмдардын лидерлери, саясий партиялардын мүчөлөрү чакырылган.

Copyright © 2017 Maral FM