Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: Тергөөгө чакырса, барбайм

Кыска кабар | 28 Июн 2019 | 604 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кол тийбестигинен ажыратылгандыгы жөнүндө өз пикирин билдирди. Парламенттин мындай кадамга барышын Атамбаев кышында эле билгенин айткан. Ошондой эле, эми тергөө боюнча чакыруу болсо барбай турганын билдирген.

Азыркы учурунда укуктук иштер калыс жүрбөй турганын, ошондой эле, азыркы бийликти тааныбай турганын да кошумчалаган.

Эскерте кетсек, 27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыраткан.

Copyright © 2017 Maral FM