Биз менен байланышыңыз

Парламенттин «ынтымагы» Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратты

Саясат | 27 Июн 2019 | 778 | 0

Жогорку Кеңеш 27-июнда Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратуу боюнча токтомду колдошту. Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу кабыл алынган чечимге 103 депутат макулдугун берсе, 6 депутат каршы чыкты.

Алгач башпрокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттин токтомунун негизинде Башкы прокуратуранын корутундусу менен тааныштырды. Анда депутаттык комиссиянын көрсөткөн 6 айыбынын 5инде кылмыштын белгиси бар экени айтылып, бирин кароого негиз жок экени билдирилди.

Башпрокурор баяндамасын Атамбаевдин үйү жайгашкан Кой-Таштагы жер тилкесинен баштап, «Анда «Дастан» ишканасынын бүтпөгөн курулуш имараты менен бирге 2,7 гектар жер тилкесин, «Фрунзе» токой чарбасынын 0,55 гектар жерин ээлеп алганы боюнча фактылар бар», — деди.

Мындан тышкары, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишине да Атамбаевдин тиешеси бар болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

— Уюштуруу жагы УКМКнын төрагасы Шамиль Атахановго тапшырылган. Ал кылмыштуу ишти аткаруу үчүн укук коргоо, сот жана мамлекеттик органдардын жогорку кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алган. Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуп, аны өлкө аймагынан чыгаруу үчүн талаптарды да койгон. Атаханов бул иште жеке Атамбаев менен макулдашканын билдирген.

Бул боюнча Шамиль Атаханов өзү көрсөтмө бергенин маалымдап, башпрокурор жазуунун көчүрмөсүн көрсөттү.

Андан тышкары, 28 жаштагы Субихи Пархатиге «Форум» ишканасын 54 млн сомго сатканы боюнча да маалымат бар экенин, «Хуа Син», «Терек-Сай жаштар», «АКА инвест» ишканалары Атамбаев менен иш алып барган деген шек жаратарын да белгиледи. Ошондой эле, мурдагы президент мыйзамсыз жол менен келген активдерди адалдаштыруу үчүн төмөн баада сатканын көрсөтүп, иш жүзүндө ал байлыктар өзүндө калганын, ал эми Пархати жөн эле Атамбаевдин мүлкүн жаздырып койгон адам болушу мүмкүн экенин айтты.

Депутат Карамат Орозова прокуратуранын азыркы чечими бийлик алмашкандан кийин туура эмес кабыл алынганы ачыкка чыгышы мүмкүн экенин эскертти.

— Жыл алмашат. Биздин мамлекетте бийлик бат-баттан өзгөрүп турат. Убагы келгенде сиздердин чечим дагы туура эмес болуп, жооп берип калышыңыздар мүмкүн. Ошондо жоопкерчиликти мойнуңуздарга аласыздарбы?

Өткүрбек Жамшитов: — Биз  топтолгон материалдардын, тийиштүү күбөлөрдүн, шектүүлөрдүн берген көрсөтмөлөрүнүн негизинде корутунду чыгарып жатабыз.

Атамбаевге коюлган айыптардын катарына Бишкек жылуулук борборун модернизациялоодогу коррупциялык аракеттер да кошулган. Депутаттар Президенттик Аппараттын ошол кездеги тышкы саясат бөлүмүн башкарып турган Сапар Исаковдун экономикалык иштерге аралашуусуна ким уруксат бергенине кызыгышты. Башпрокурордун айтымында, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев тапшырма бергени боюнча маалыматтар бар. Азыр прокуратура ошондогу мыйзамсыз кеткен акчанын дарегин издеп жатат.

Өмүрбек Бакиров Дача-СУдагы кырсык боюнча жүрүп жаткан иштерди сурады.

Өткүрбек Жамшитов: — Дача-СУ боюнча азыр да ИИМ тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат. Адискөй тергөөчүлөрдөн атайын топ түзүлгөн. Бул боюнча да жыйынтык берет жана биздин көзөмөлүбүздө турат.

Атамбаевдин кол тийбестигин алууну жапырт колдогон депутаттардын көпчүлүгү иштин ачык жана кылдат каралышын талап кылышты. Аны менен катар комиссиянын көрсөткөн 5 айыбынан сырткары, башка жагдайларга да көңүл бурууну сунуш кылгандар болду. Алтынбек Жунус уулу бир учурда бир долларга сатылган «Кыргызгаз» ишканасына да көңүл бурууну сунуштады.

— «Кыргызгаз» ишканасын 1 долларга саттык деп мактанганбыз. Канчалаган түтүкчөлөрү, Бишкек шаарында көптөгөн базалары болгон, түндүк менен түштүктү байланыштырган, миллиарддаган капиталы бар мекемени бердик. Арменияда ушундай ишкананын 30 %ын 170 млрд АКШ долларына саткан. Буга ошол кездеги президенттин (ред: Алмазбек Атамбаев) түздөн түз тиешеси болгон. Учуру келгенде ушул ишти да карап чыгууңуздарды сунуштайм.

Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратууну көп депутат колдогону менен аны коргогондор да болду. Депутаттык комиссия да, Башкы прокуратура да Атамбаевдин өзүн же өкүлүн чакырбаганы, иш бир тараптуу жүргөнү айтылды. Депутат Асел Кодуранова мурдагы президент жөнөкөй киши эмес экенин да эскертти.

— Өткөндө атайын комиссия Атамбаевди да, анын өкүлүн да чакырган жок. Сиздер да чакырбаптырсыздар. Бул иш бир тараптуу жүрүп жатат.

Эсиңизде болсо, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары анын Кой-Таштагы үйүнө чогулуп, атайын штаб түзүлгөндүгү кабарланган. Андан тышкары, атайын блокадалар коюлуп, таш төктүрүлгөндүгү тууралуу видеолор тарап, бирок ал башка максатта алынып келингени маалымдалган. Мындай көрүнүш Жогорку Кеңештин депутаттарын да тынчыздандырды. Вице-спикер Аида Касымалиева Атамбаев элди бөлүп-жаруу аракетин көрүп жатканын айтып, кайрылуу жасады.

— Атчандарды чакырып, таш чогултуп, «курал колдоном» дегени уят. Алмазбек Шаршенович, сизге өлкөнүн келечеги, тынчтыгы керек эмес болсо, менин балама, кызыма, биздин балдарга керек.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу боюнча 13-июнда депутаттык комиссия түзүлгөн. 20-июнда комиссиянын корутундусу угулуп, Жогорку Кеңеш кабыл алган токтом Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Депутаттык комиссия Атамбаевге 6 айып таккан болсо, прокуратура анын бешөөсүн кароого негиз бар деп бүтүм чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM