Биз менен байланышыңыз

Сейтек Качкынбай: Атамбаев республикалык масштабда дүрбөлөң сала албайт

Күн чекит | 2 Июл 2019 | 1418 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселеси көтөрүлгөндөн бери саясий кырдаал курчуп турат. Анын Кой-Таштагы үйүнө тарапташтары чогулган. 3-июлда Атамбаев митингге катышары кабарланды. Мурунку өлкө башчынын акыркы билдирүүлөрүндө стабилдүүлүккө таасир эткен жагдайлар барбы? Бул маселенин айланасында коомдук ишмер Сейтек Качкынбай менен маек курдук.

Марал: — Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы учурларда жасаган билдирүүлөрү элди бөлүп-жарууга алып бара турчудай мааниде болуп жатканын айрым талдоочулар айтышууда. Ошондой эле, ал жакында митингге да чыгат экен. Бул кырдаал опурталдуу эмеспи? Бийлик кандай реакция кылышы керек?

Сейтек Качкынбай: — Атамбаевдин билдирүүлөрүн лингвистикалык, экперттик жактан анализдеп айта турган болсок, ал түздөн-түз бөлүп-жаруу жөнүндө сөз кылган жок. Бирок жалпы контекстти алып карасак, ал кишинин таарынычы аябай көп экендиги көрүнүп турат. Ал ошол таарынычын ар түрдүү формада билдирип, кайсы бир деңгээлде чынында эле бир регионго басым жасап атканын айтса болот. Бул кыймыл-аракет мурунку президентке жарашпайт.

Марал: — Бул коомдук стабилдүүлүккө таасир этпейби?

Сейтек Качкынбай: — Жалпы жонунан алып караганда, бүт республика боюнча дүрбөлөң сала албайт деп ойлойм. Себеби Кыргыз Республикасын жергиликтүү элиталар башкарат. Аймактык лидерлердин борбордук бийликке болгон таарынычынын суммасы азырынча чоң эмес. Анткени мурунку өлкө башчынын айланасындагы кишилер чоң, таасирдүү, кайсы бир аймактарда салмагы бар адамдар деп айтууга болбойт. Ошондуктан республикалык масштабда дүрбөлөн сала албайт.

Балким кайсы бир аймактын адамдарына жасалма жол менен акча таратып, кандайдыр бир деңгээлде тополоң чыгарышы мүмкүн. Мисалы, Акаев, Бакиевдин доорунда коркунучтуу учур болгон. Себеби Акаевдин учурунда бүткүл региондордун элиталары анын жанына чогулуп, борбордук бийликке каршы болуп калган. Бакиевдики да ошондой болгон.

Азыр кайсы бир аймактардын лидерлери биригип алып, бирдиктүү каршылык көрсөтүп жатканын, кайсы бир маселеге макул эместигин байкабай эле турабыз. Болгону бирөө бирөөгө капа болуп, ага жаш балдарды, аялдарды, анча-мынча аксакалдарды ортого салып, ошонун артына жашынганга аракет кылганы эле көрүнүп турат.

Марал: — Президент Сооронбай Жээнбеков Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгына арналган иш-чарада сөз сүйлөп жатып, элди ынтымакта болууга чакырган. Акыркы күндөрү дин өкүлдөрү да Кой-Таш айылына барып насааттарын айтып келе жатканы маалым. Бийлик азыркы учурга реакция кылышы керекпи?

Сейтек Качкынбай: — Азыркы бийлик Атамбаевди түздөн-түз кармоого же ага каршы реакция кылууга бара турган болсо, бейкүнөө адамдар азабын тартып калышы мүмкүн. Себеби эки жак бири-бирине каршы күч колдонсо бул азыркы абалды тескерисинче курчутат. Ар кандай провокация болуп кетиши, атайылап ок атылышы мүмкүн. Мындайда бейкүнөө адамдар өлүп кетсе, анын кесепети азыркы бийликке эле тиет. Азыркы бийлик акылдуу, мыйзамдык жол менен туура убакытты пайдаланып, маселени башка жол менен чечүүгө аракет кылышы керек. Менин оюмда бийлик деле барып баса калбайт, себеби ал жерде акыл-эстүү, адекваттуу адамдар отурат.

Марал: — Ушундай кырдаалда интеллигенция өкүлдөрү, коомдук-саясий ишмерлердин үнү эмнеге чыкпай жатат?

Сейтек Качкынбай: — Үн катканы катып эле жатат. Мисалы, мен деле тарыхтан сабак алалы деп фейсбуктан билдирүү жаздым. Ушул күнгө чейинки тарыхты алып карасак, биздеги башаламандыктын баары бир кишинин өз билемдигине байланыштуу болуп калып жатат. Бийликтин баары бир кишинин айланасына топтолгондо ал маал-маалы менен, 5-4 жылдык интервал менен кризисти туудурат. Ошондуктан тарыхтан сабак алуу үчүн батыраак парламенттик башкарууга өтүп, президенттик институттан баш тартып, же ал калса да символикалык органга айланышы керек. Биз алыскы перспективада ушуга барышыбыз керек. Мисалы, азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кызматынын мөөнөтү аяктап жатканда Конституциялык реформаларды жасап, бийликтен кетсе, кийин ушундай көйгөйлөр болбой калат.

Copyright © 2017 Maral FM