Биз менен байланышыңыз

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычев суракка чакырылды

Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 853 | 0

КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан суракка чакырылды. Бул тууралуу аталган партиядан кабарлашты.

Алга Кылычев Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары уюштурган «Элдик штабдын» да мүчөсү болуп саналат.

Суракка чакыруу ЭКККМК тарабынан бүгүн келген. Ал Бишкектин четиндеги Люксембург айылына чакырылган.

Ал буга чейин да суракка чакырылган.

Алга Кылычев «Дан» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болгон. Бул кызматка ал 2016-жылы дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM