Биз менен байланышыңыз

Алга Кылычев үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 25 Окт 2019 | 1100 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматына таянып 24.kg агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Алга Кылычев тергөө менен кызматташуу боюнча макулдашууга кол койгон. Андан кийин укук коргоо органдары баш коргоо чарасын үй камагына чыгаруу менен өзгөрткөн.

Эске салсак, буга чейин Алга Кылычев Атамбаевге каршы көрсөтмө берген.

КСДПнын мүчөлөрү Кундуз Жолдубаева, Амантур Жамгырчиев, Мээрбек Мискенбаев жана Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагынбаевдерге да  «Массалык башаламандыкты жана барымтага алууну уюштурушкан», — деген берене боюнча кылмыш иши козголгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM