Биз менен байланышыңыз

Кундуз Жолдубаева ИИМге дагы суракка чакырылышы мүмкүн

Кыска кабар | 17 Дек 2019 | 792 | 0

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бүгүн Ички иштер министрлигине суракка чакырылышы мүмкүн. Бул тууралуу ал кечээ сурактан чыккандан кийин маалымат каражаттарына комментарий берип жатып билдирген. Бирок кайсыл убакка экенин айткан жок. Анткени суракка алынгандардын айрымдарынын адвокаты жок болуп калгандыгына байланыштуу сурак аягына чыкпай калган.

Кечээ, 16-декабрда ИИМдин Тергөө кызматына күбө катары чакырылып, суракка алынып, коё берилди.

Ички иштер министрлиги тарабынан 7-8-август күндөрү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында болгон башаламандык, барымтага алуу жана адам өлтүрүү фактылары боюнча бир катар кылмыш иштери иликтенип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM