Биз менен байланышыңыз

Курсан Асановдун иши боюнча тергөө аяктады

Кыска кабар | 11 Янв 2020 | 7672 | 0

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу анын жактоочусу Таалайкүл Токтакунова маалымат каражаттарына билдирди. Анын айтымында, генерал дагы деле Аскер прокуратурасына суракка чакырылып жатат.

Курсан Асанов дагы деле Аскер прокуратурасына суракка чакырылып жатат. Суракта ошол эле маселелер боюнча суроолор берилип жатат. Асановдун аракеттеринде кылмыш курамы жок, ошондуктан тергөөнүн аракети туңгуюкка барып такалды окшойт..? Айыптоо актысын түзүү үчүн бардык материалдар Башкы прокуратурага Жаңы жылга чейин эле өткөрүлүп берилиши керек болчу. Жакынкы күндөрү берилиши керек. Курсан Асановдун жубайы Гүлнара Асанованын да суракка алып жатышат, — деди жактоочу.

Генералдын жубайы салык төлөнбөгөндүгү үчүн суралууда.

Эске салсак, Курсан Асанов 13-августта Ички иштер министринин орун басары кызматынан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен бошотулган.

Буга 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда Асанов «милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө себеп болгон.

Сот анын баш коргоо чарасын карап, үй камагын кабыл алган.

Copyright © 2017 Maral FM