Биз менен байланышыңыз

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров УКМКга сурак берип чыкты

Кыска кабар | 3 Мар 2020 | 798 | 0

Укук коргоочу жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облустук башкармалыгында сурак берип чыкты. Бул тууралуу “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова “Маралга” билдирди.

Анын айтымында, Токтонасыров атайын кызматтын имаратына саат 14:00дөр чамасында кирип, 2 сааттан ашык убакыт суралды.

УКМКнын кызматкерлери Өндүрүш Токтонасыровду Бишкектеги митингге байланыштуу сурап, бирок эч кандай доомат коё алышпаптыр. Эмне себептен митингге келгенин, акцияда кимдерди тааныганын суракка алышкан экен, — деди Азиза Абдирасулова.

Өз кезегинде Токтонасыров акцияда байкоочу катары жүргөнүн айтканын Абдирасулова кошумчалайт.

2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митинг өткөн. Анын соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда тараптар бири-бирине таш ыргытып, көчө боюндагы машинелер, имараттар жабыркаган.

Copyright © 2017 Maral FM