Биз менен байланышыңыз

Жарандарды ири суммадагы зыянга учураткан шектүү кармалды

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 586 | 0

Шаар тургундарын 500 миң доллар өлчөмүндөгү материалдык зыянга учураткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгына Раимжан аттуу жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган арыз келип түшкөн.

Жабырлануучу арызында Раимжандын 2018-жылдын июль айында алдоо жолу менен баасы 37 миң долларлык «БМВ Х-6» үлгүсүндөгү автоунаасын мыйзамсыз ээлеп алып, изин жашырып качып кеткенин жазган. Андан сырткары, 2018-жылдын сентябрында ушул эле жаран дагы бир адамды алдап, 2016-жылы чыккан 45 миң долларлык «Лексус» үлгүсүндөгү унаасын айдап кетип, ошол бойдон кайтып келген эмес.

Мурда да соттолгон бул жаран ири суммадагы акча каражаттарды мыйзамсыз ээлеп алуу, шаар тургундарынын батирлерин алып коюу сыяктуу алдамчылык иштерге байланышкан 30дан ашык фактыга тиешеси бар деп шектелүүдө. ИИМдин маалыматы боюнча, жарандарга келтирген материалдык зыяндын суммасы болжол менен 500 миң долларды түзөт.

Июнь айынан бери издөөдө жүргөн 1980-жылы туулган Заитов Раимжандын кайда жүргөндүгү аныкталып колго түштү. Шектүү Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Copyright © 2017 Maral FM