Биз менен байланышыңыз

2020-2022-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жактырылды

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 459 | 0

2020-2022-жылдарга Кыргызстандагы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жактырылды. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Орто мөөнөттүү болжол 2018-жылдагы экономиканын өнүгүү тенденцияларын талдоонун, 2019-жылы күтүлгөн көрсөткүчтөрдү баалоонун негизинде эсептелген жана иш жүзүндө түзүлгөн кырдаалдын факторлору жана тобокелдиктери эске алынган.

Белгилей кетсек, 2020-2022-жылдарга Кыргызстан социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу 2020-2022-жылдарга фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM