Биз менен байланышыңыз

Зеленский АКШдан жаңы курал-жарак сурады

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 517 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский америкалык сенатор Роберт Портман менен жолугушуусунда Украинанын армиясы жаңы курал-жарактарга муктаж экенин билдирген. Бул тууралуу C-SPAN телеканалы маалымдады.

Портмандын айтуусуна караганда, алар «Украинанын чыгыш чек арасындагы Орусиянын үгүтү» тууралуу маектешкен. Мындан улам, Зеленский жаңы курал-жарактарга муктаждыгын кабарлаган.

Америка сенатору Портман Зеленский жакканын, экөө бир саатка жакын отуруп, ар кайсы багыттагы темалар алкагында талкуу жүргүзгөнүн кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM