Биз менен байланышыңыз

20-июнга чейин митингдер Горький аянтында гана өтөт

Кыска кабар | 4 Июн 2019 | 382 | 0

Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитин өткөрүү маалында Бишкек шаарынын аянттарында жана көчөлөрүндө акцияларды, митингдерди, пикеттерди, демонстрацияларды жана жөө жүрүштөрдү өткөрүүнү болтурбоо үчүн коомдук уюмдарга, кыймылдарга жана жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен 1-июндан 20-июнга чейин бардык каршылык акциялары менен митингдерди Бишкек шаарынын Максим Горький эс алуу жайына өткөрүү сунушталды.

Аталган чечим, жогорку деңгээлдеги иш-чараны өткөрүү үчүн азыркы учурда шаардын борбордук көчөлөрүндө жашылдандыруу жана ирээтке келтирүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгына байланышкан.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин отурумун өткөрүү маалында Ички иштер министрлиги тарабынан коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM