Биз менен байланышыңыз

Зеленский менен Трамп «Чоң 20» саммитинен кийин жолугат

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июн 2019 | 618 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский АКШ лидери Дональд Трамп менен «Чоң-20» саммитинен соң жолугары айтылууда. Бул тууралуу Зеленскийдин штаттан сырткаркы кеңешчиси Борис Тизенгаузен билдирген.

Анын маалыматына ылайык, алгач Трамптын админстрациясы Зеленскийди Вашингтонго чакырган.

«Чоң-20» саммити 28-29-июнга белгиленген. Ал Япониянын Осака шаарында өтөт. Бул топту Орусия, Аргентина, Австралия, Бразилия, Улуу Британия, Германия, Индия, Индонезия, Италия, Канада, Кытай, Мексика, Сауд Аравия, АКШ, Түркия, Франция, ТАР, Түштүк Корея жана Жапония өлкөлөрү жана Европа Биримдиги түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM