Биз менен байланышыңыз

Өкмөттө өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 млн доллар боюнча жыйын болду

Кыска кабар | 4 Июн 2019 | 661 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды текшерүүнүн жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Кеңешмеде журналисттик иликтөөдө айтылган фактыларды тыкыр текшерүү иштеринин жүрүшү талкууланды.

Өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев иликтөөдө айтылган акча каражаттарын чыгарып кетүү фактылары боюнча ведомствонун корутундусу 2014-жылы Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилгенин айтат.

2016-жылы бул корутунду кайрадан Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлгөн.

«Журналисттик иликтөөдө айтылган компаниялар, адам аттары, өлкөдөн чыгарылган каражаттын суммасы көрсөтүлгөн корутунду аталган мамлекеттик органдарга өткөрүп берилген. Учурда финансылык чалгындоо кызматы финансы полициясы менен биргеликте өлкөдөн 700 млн АКШ долларын чыгарып кетүү фактыларын кайрадан иликтеп жатат. Кеп «Дордой» жана «Кара-Суу» базарлары, ошондой эле, Түркияга жана Европа өлкөлөрүнө акча которуулар тууралуу болуп жатат», — деди ал.

Премьер-министр териштирүүнү тездетүү тапшырмасын берди.

«Тыкыр жана объективдүү тергөө жүргүзүү эле эмес, коомчулукту өз убагында маалымдоо зарыл. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча далилдерге негизделген, объективдүүлүгү талашсыз, акыркы маалыматтар жарандарга берилүүгө тийиш», — деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.

Copyright © 2017 Maral FM