Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Ирак жана Сириядагы жарандарын мекенге кайтарат

Кыска кабар | 4 Июн 2019 | 650 | 0

Кыргыз Өкмөтү Сирияда жүргөн мекендештерди кайтаруу боюнча аракеттерди көрүп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат.

«Сириядагы кыргызстандык делген жарандардын өздүгүн аныктоо, алардын жашаган жерин тактоо, Кыргызстандын аймагына алып келүү боюнча иш-чараларды өткөрүү зарыл. Бул багытта Сириянын учурдагы абалын эске алуу менен комплекстүү аракеттер көрүлүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Өкмөттүн буйругу менен курамына күч органдарынын кызматкерлери кирген ведомстволор аралык иштиктүү топ түзүлгөн.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында кечээ ушуга байланышкан жыйын өттү. Анда Ирак өлкөсүнүн жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаш балдары менен жүргөн жарандарды жана Сирия аймагындагы мекендештерди алып келүү маселеси талкууга алынган.

Учурда Ирактын бийлиги менен биргеликте кыргызстандык делген жарандардын өздүгүн аныктоо боюнча иштери аяктап, аларды Кыргызстанга кайтарып келүү жагдайы иштелип жатат.

Жүргүзүлүп жаткан иштер Өкмөттүн көзөмөлүндө экени маалыматта айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM