Биз менен байланышыңыз

Нарында контейнерде билим алган окуучулар кышка чейин башка жакка көчүрүлөт

Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 660 | 0

Нарындын Кеңеш айылындагы окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлүп, ал жактан окуусун улантат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Нарын облусунда болгон иш сапарында билдирген.

Бул имаратты билим берүү багытына өзгөртүү үчүн тиешелүү акча каражаты каралды. Учурда оңдоп-түздөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле жакынкы арада Кеңеш айылына жаңы мектепти куруу иштери башталат, анын долбоордук-сметалык документи даяр.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кеңеш айылындагы мектептин эки окуу корпусу бар, анын бирөө авариялык абалда, ал эми экинчисинде балдар билим алууда.

Алтынай Өмүрбекова Өкмөт авариялык абалдагы мектептер боюнча маселени жакынкы жылдары чечүү милдетин койгонун кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM