Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик ишканалар тартипке салынат

Кыска кабар | 19 Сен 2019 | 543 | 0

Мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Аталган жобо мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке салууга жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун ролун күчөтүүгө багытталат. Тактап айтканда, мамлекеттик ишканаларды түзүү же кайрадан уюштуруу, айрымдарын кыскартуу, башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын бекемдөө, мамлекеттик органдардын мүлктүк абалын тактоо иштерин калыпка салат. Мындан тышкары, аталган жобого мамлекеттик ишканалардагы каржылык тартипти күчөтүп, мамлекеттик мүлктү үнөмдүү жана натыйжалуу пайдаланууга багытталган, жетекчинин мамлекеттик ишкананын түзүүчүсүнүн алдында көзөмөлдө болуусун жана отчет берүүсүн белгилеген бир катар ченемдер киргизилген.

Белгилей кетсек, учурда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 98 мамлекеттик ишкана менен иш жүргүзөт.

Copyright © 2017 Maral FM