Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчысы Орусия элчиси менен жолукту

Кыска кабар | 3 Авг 2019 | 626 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукту.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчысы кыргыз тарап 2020-жылы Орусия Федерациясында Кыргыз Республикасынын жылы жана Кыргызстанда Орусия Федерациясынын Жылы деп жарыялоо жөнүндө мамлекет башчылардын макулдашууларынын алкагында Уюштуруу комитетин түзгөнүн белгиледи. Азыркы тапта биргелешкен иш-чаралардын деталдуу планы иштелип жатканын Абылгазиев кошумчалады.

Өз кезегинде элчи кыргыз-орус кызматташтыгынын динамикалуу өнүгүүсүн белгиледи. Ал өз тарабынан жетишилген макулдашууларды жана кол коюлган келишимдерди сапаттуу ишке ашырууну колдоого даярдыгын билдирди.

Жолугушууда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык жана эки жактуу мамилелердин башка актуалдуу маселелери талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM