Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы Солтон-Сарыдагы окуя боюнча чукул жыйын курду

Кыска кабар | 6 Авг 2019 | 739 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарындагы Солтон-Сары кенинин тегерегиндеги кырдаалга байланыштуу чукул жыйын курду. Өкмөт башчы окуянын бардык жагдайларын тыкыр тактап, калк арасында маалымдоо-түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы жергиликтүү жашоочулардын жана чет элдик жумушчулардын ортосундагы тирешүү ишкананын ишин токтотууга себеп болбошу керектигин, мамлекет жергиликтүү калктын да, инвесторлордун кызыкчылыктарын коргошу керектигин белгиледи.

Тоо-кен тармагында кандай көйгөйлөрдү, кырдаалды түп-тамырынан өзгөртүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Мен бул маселеге толук түрдө киришип, жеке көзөмөлүмө алып турам. Эгерде инвестор талаптарды жана биздин жарандардын укуктарын буза турган болсо, биз аларга карата чара көрө турганыбызды белгилей кетким келет. Бирок баары мыйзам чегинде болушу керек. Эгерде ушул сыяктуу окуялар үчүн адамдар ишканаларды жабууну талап кыла беришсе, инвесторлор бизден баш тартышат. Бул окуяны пайдаланып кетүүнү каалаган айрым адамдардын аракеттери зор күч-аракеттер менен жетишкен иштерибизге бир заматта коркунуч туудурушу мүмкүн. Кайсы бир нерсеге тыюу салууну же кимдир бирөөнү кууп кетирүүнү талап кылуу менен күнүмдүк тиричилик жагдайын саясий нукка бурбаш керек. Бардык талаштар укуктук негизде чечилүүгө тийиш», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында, 2009-жылдан бери мурдагы бийлик тарабынан кабыл алынган кен боюнча чечимдерди кайра карап чыгуу сүйлөшүүлөр жана ачык, конструктивдүү диалог аркылуу гана мүмкүн. Мамлекет ар дайым жергиликтүү калктын, ошондой эле инвесторлордун дагы кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылышы керектигин Абылгазиев айтты.

Өкмөт башчы жергиликтүү бийлик тарабынан да, компетенттүү органдар тарабынан да түшүндүрүү иштери иш жүзүндө формалдуу жүргүзүлүп келгенин айтып, инвесторлор менен жергиликтүү калктын өз ара тыгыз аракеттенүүсү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешменин жыйынтыгы боюнча коомдук тартипти камсыздоо жана жергиликтүү калктын жана инвесторлордун кызыкчылыктарын эске алуу менен жеринде абалды жөнгө салуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Copyright © 2017 Maral FM