Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Солтон-Сары кенине берилген лицензия боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 7 Авг 2019 | 551 | 0

Кытайлык «Zhong Ji Mining» компаниясы Солтон-Сары кенинде 2009-жылдан тартып иштейт. «Солтон-Сары кени Бишкек шаарынан 355 чакырым аралыкта, Нарын облусундагы Капка-Таш тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте жайгашкан. Татаалдыгы боюнча 4-топко кирет. Кен-Бучук жана Алтын-Төр деген 2 жер тилкесинен турат.

Биринчи лицензия 2009-жылы өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Капар Курманалиев тарабынан берилген. Кийин уруксат кагаздарын 2011-жылы Замирбек Эсенаманов, 2014-жылы Дүйшөнбек Зилалиев, 2018-жылы Сүйүнтбек Аликеев тарабынан узартылган. Акыркы уруксат кагазын 2018-жылы 9-февралда Сапар Исаков башында турган Өкмөттүн мезгилинде алган.

3228 АЕ лицензиясы — 2013-жылдын 4-февралында 2033-жылдын 4-февралына чейин Солтон-Сары кенинин Бучук жер тилкесинен алтын казууга 20 жылга уруксат берилген. Лицензияны өкмөткө караштуу Геология жана суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Ишембай Чунуевден алышкан.

P.S. 3-августта Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштеткен «Zhong Ji Mining» кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Чыр 5-августта да уланып, 500дөн ашык адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Zhong Ji Mining» компаниясына барган. Алар компаниянын кызматкерлерин кендин аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Ортодо чыр чыгып, массалык таш урушка чейин жеткен. Аны натыйжасында эки тараптан ондогон адам жапа чегишкен.

 

Copyright © 2017 Maral FM